Вход на сайт

Просмотр новости

Найдите то, что Вас интересует

Донбасстын бошотулушу: 83 жыл мурун башталган операциянын чоо-жайы. Видео

Дата публикации: 13-08-2026 14:14:00

1943-жылы болгон Курск салгылашуусундагы немецтик-фашисттик аскерлердин талкаланышы Донецк бассейнин бошотууга ыңгайлуу шарт түзгөн. Бул жер душман үчүн өтө маанилүү эле.

Основное содержимое страницы с новостью.

https://sputnik.kg/20260813/donbasstyn-boshotulushu-1102971024.html

Донбасстын бошотулушу: 83 жыл мурун башталган операциянын чоо-жайы. Видео

Донбасстын бошотулушу: 83 жыл мурун башталган операциянын чоо-жайы. Видео

Sputnik Кыргызстан

1943-жылы болгон Курск салгылашуусундагы немецтик-фашисттик аскерлердин талкаланышы Донецк бассейнин бошотууга ыңгайлуу шарт түзгөн. Бул жер душман үчүн өтө... 13.08.2026, Sputnik Кыргызстан

2026-08-13T20:14+0600

2026-08-13T20:14+0600

2026-08-13T20:14+0600

дүйнөдө

ссср

улуу ата мекендик согуш

донбасс

донецк

бошотуу

видео

https://sputnik.kg/img/07ea/08/0d/1102970583_0:219:1000:782_1920x0_80_0_0_4188085150ae90be1048d84fff20137c.jpg

Аймакты басып алган немецтик командачылык дароо эле талап-тоноочулукка киришкен. Ай-буйга келтирбей баарын басып алабыз деген тилеги ишке ашпай калгандан кийин өндүрүштү калыбына келтирип, аны рейхтин муктаждыгы үчүн колдоно баштаган. Оккупация учурунда нацисттер менен аларды колдоп-коштогондор 220 миң жай тургундун, 150 миң туткундун өмүрүн алган. Ал эми Донбассты бошотууда 65 миң советтик жоокер курман болгон. Мыкаачылык Сталинодогу (азыркы Донецк) №4/4 шахтасында жасалган, сөөктөр ушул жана башка жерлерде көмүлгөн. Бул Украин ССРиндеги Бабий Ярдан кийинки жапырт киши өлтүрүлгөн жер болуп калган эле. Токой-багы жок болгондуктан Донбасста партизандык кыймылдын толук кандуу иштөөсүнө мүмкүн болгон эмес. Деген менен жергиликтүү тургундар душманга каршы аракеттерге баарылап катышкан. Ворошиловград облусундагы Краснодондо уламышка айланган "Жаш гвардия" комсомолдук уюму фашисттерге каршы согушкан. Эң жаш мүчөсү болгону 14 жашта эле. 1942-жылы алар "эмгек биржасын" Германияга кулчулукка жөнөтүлө турган жаштардын тизмеси менен чогуу өрттөп жиберип, эки миңдей кишини аман алып калышкан. Фронттун аймакка жакындашы менен "жаш гвардиячылар" шаарда көтөрүлүш чыгармак болуп, бирок жетишпей калышкан. 1943-жылдын башында гитлерчилер алардын изине түшүп, көбүн өлтүрүп тынышкан. Чабуул башталган алгачкы беш күндүн ичинде Кызыл армия Змиевду ээлеп, душмандын Куйбышевонун батышындагы коргонуусун жарып өткөн. 30-августта Таганрог, 31инде Саур коргону бошотулган. 5-6-сентябрда советтик аскерлер Горловканы, Артемовскини, Макеевканы, Краматорск менен Константиновканы кайтарып алышкан. 8-сентябрда Донецк бошотулуп, 22синде Советтик армия нацисттерди Днепрден ары сүрүп чыгарган. Дал ушул Донбасстагы кармашта жалпы Украинаны нацисттерден бошотуу үчүн плацдарм түзүлгөн эле.

ссср

донбасс

донецк

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

2026

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

Жаңылыктар

kg_KG

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

https://sputnik.kg/img/07ea/08/0d/1102970583_0:126:1000:876_1920x0_80_0_0_afd979ba0ad2819deb632c936a03e35c.jpg

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

дүйнөдө, ссср, улуу ата мекендик согуш, донбасс, донецк, бошотуу, видео, видео

дүйнөдө, ссср, улуу ата мекендик согуш, донбасс, донецк, бошотуу, видео, видео

1943-жылы болгон Курск салгылашуусундагы немецтик-фашисттик аскерлердин талкаланышы Донецк бассейнин бошотууга ыңгайлуу шарт түзгөн. Бул жер душман үчүн өтө маанилүү эле.

Аймакты басып алган немецтик командачылык дароо эле талап-тоноочулукка киришкен. Ай-буйга келтирбей баарын басып алабыз деген тилеги ишке ашпай калгандан кийин өндүрүштү калыбына келтирип, аны рейхтин муктаждыгы үчүн колдоно баштаган.

Оккупация учурунда нацисттер менен аларды колдоп-коштогондор 220 миң жай тургундун, 150 миң туткундун өмүрүн алган. Ал эми Донбассты бошотууда 65 миң советтик жоокер курман болгон.

Мыкаачылык Сталинодогу (азыркы Донецк) №4/4 шахтасында жасалган, сөөктөр ушул жана башка жерлерде көмүлгөн. Бул Украин ССРиндеги Бабий Ярдан кийинки жапырт киши өлтүрүлгөн жер болуп калган эле.

Токой-багы жок болгондуктан Донбасста партизандык кыймылдын толук кандуу иштөөсүнө мүмкүн болгон эмес. Деген менен жергиликтүү тургундар душманга каршы аракеттерге баарылап катышкан.

Ворошиловград облусундагы Краснодондо уламышка айланган "Жаш гвардия" комсомолдук уюму фашисттерге каршы согушкан. Эң жаш мүчөсү болгону 14 жашта эле. 1942-жылы алар "эмгек биржасын" Германияга кулчулукка жөнөтүлө турган жаштардын тизмеси менен чогуу өрттөп жиберип, эки миңдей кишини аман алып калышкан.

Фронттун аймакка жакындашы менен "жаш гвардиячылар" шаарда көтөрүлүш чыгармак болуп, бирок жетишпей калышкан. 1943-жылдын башында гитлерчилер алардын изине түшүп, көбүн өлтүрүп тынышкан.

Чабуул башталган алгачкы беш күндүн ичинде Кызыл армия Змиевду ээлеп, душмандын Куйбышевонун батышындагы коргонуусун жарып өткөн.

30-августта Таганрог, 31инде Саур коргону бошотулган.

5-6-сентябрда советтик аскерлер Горловканы, Артемовскини, Макеевканы, Краматорск менен Константиновканы кайтарып алышкан. 8-сентябрда Донецк бошотулуп, 22синде Советтик армия нацисттерди Днепрден ары сүрүп чыгарган.

Дал ушул Донбасстагы кармашта жалпы Украинаны нацисттерден бошотуу үчүн плацдарм түзүлгөн эле.

Схожие новости

#Наименование новостиТональностьИнформативностьДата публикации
1В ДНР впервые покажут серию видеозаписей о восстановлении Донбасса в 1943-1945 годах0031-01-2023
2В Донецке прошло гашение почтового блока к 80-летию Победы0025-04-2025
3В Донецке провели акцию памяти о погибших от украинской агрессии детях ДНР и ЛНР01026-07-2026
4В разрушенной «Юности» почтили память детей Донбасса01027-07-2026
5Автор музыки гимна ДНР написал песню к 80-летию Победы0006-05-2025
6В Вольновском ДК зажгли 100 свечей в память о детях Донбасса012.427-07-2026
7В ДНР сообщили, что в Донецке подросток подорвался на мине "Лепесток"0002-02-2023
8В Донецке прошёл митинг-реквием в память о погибших детях Донбасса010.8127-07-2026
9ВС РФ заняли более выгодные рубежи и позиции в ходе наступления на донецком направлении0001-02-2023
10"Пахтакор" футболчуларынын өмүрүн алган авиакырсык. Апааттуу видео01011-08-2026

Классификация: . Схожих патентов: 0. Схожих новостей: 10. Тональность: 0. Информативность: 20.34. Источник: sputnik.kg.